Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 337 адамдан вирус аныкталып, беш бейтап каза болду

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 440 | 0

Кыргызстанда 6-июнга карата коронавирус дагы 337 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 333 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон 5 учур катталды. Алар Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 106 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 100 миң 447 киши айыгып чыкса, 1 847 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM