Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жалпы 70 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 431 | 0

Кыргызстанда 22-майга карата COVID-19 инфекциясына каршы 7720 адам эмделди. Алардын ичинен 2841 адам экинчи дозасын алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 69 миң 879 адам эмделди. Аладын ичинен 21 миң 840 адам экинчи дозасын алган.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. «Спутник V» вакцинасын алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, хирург Мамбет Мамакеев алган.

Орусиялык «Спутник V» вакцинасын 65 жаштан жогору курактагылар алышууда.

Коронавируска каршы вакцинаны кайдан алса болот? (Бишкек жана Оштогу даректери)

 

Copyright © 2017 Maral FM