Биз менен байланышыңыз

Пирматов: “Run Silk Road” логотибинде Кыргызстандын картасы бурмаланган

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 1186 | 0

Кыргызстандагы “Эл аралык марафон дирекциясына”, “Кока-Кола” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө, “http://runthesilkroad.com” сайтын иштеп чыккандарга жана “Run Silk Road”логотибин иштеп чыккан дизайнерлерге карата тез арада чара көрүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, жогоруда аталган жактар Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы келген жалган маалыматтарды колдонуу менен логотипти иштеп чыгып, аны колдонуп келишкен.

Тактап айтканда, Кыргызстанлын картасын бурмалашып, Кыргызстандын аймагында жайгашкан анклавдарды өлкөнүн аймагынан сырткары, анклав болбогондой көрсөтүшкөн.

“Дизайнерлердин бул иши жаңылыштык же байкоосуздан кеткен катачылыкка окшобойт, тескерисинче диверсиялык, саботаждык мүнөзгө ээ. Бул чындыкты атайлап бурмалоо, көпчүлүккө жалган маалыматты визуалдык түрдө жайылтуу.
Бул лого плакаттарда жана афишаларда, сайтта жана социалдык тармактарда постер катары, “bon aqua” ичүүчү суусунун бөтөлкөсүнүн этикеткасында (“Кока-Кола Бишкек Боттлерс” компаниясы чыгарат), стенд жана желек түрүндө колдонулуп келген (мындай көрүнүш 2017-жылдан бери эле уланып келе жатыптыр!!! Биздин атайын кызматтар 5 жыл бою кайда карап жүргөнү башка маселе). Бул жалган маалымат андан ары да жайылып, шаардын бардык жеринде жарнама баннерлерине илинип, бөтөлкөлөрү болсо өлкө боюнча дүкөндөрдө сатылып, стенддер уюштуруучулар өткөргөн иш-чара болгон аянттарга жайгаштырылып келген” , — деп жазган эл өкүлү.

Пирматов ошондой эле аталган логону иштеп чыккандарды жана буйрутма бергендерди Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууну, ошол сүрөт түшүрүлгөн бардык нерселерди жок кылууну талап кылган.

Мындан сырткары зарыл болсо көпчүлүк колдонгон товарларга, ММКларга маалымат жайгаштыруу жана башкага тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөгө даяр экендигин билдирген.

Бул маселе парламенттин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук маселеси боюнча комитетинин жакынкы жыйынынын күн тартибине киргизилгени белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM