Биз менен байланышыңыз

Бүгүн кармалган мурдагы жана азыркы депутаттардын баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 837 | 0

Бүгүн, 31-майда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана Игорь Чудиновдун баш коргоо чарасын каралары күтүлүүдө. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Бүгүн УКМКга Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов жана Игорь Чудинов суракка чакырылды.

Асылбек Жээнбеков 2011-жылдын декабрынан тарта 2016-жылдын апрелине чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

Төрөбай Зулпукаров 2012-жылы январда КСДПдан вице-спикер болуп турган.

Игорь Чудинов Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон.

Буга чейин мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруу боюнча кармалганы белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM