Биз менен байланышыңыз

Чек ара көйгөйүндөгү күмөндүү жагдайлар

Коом , Саясат | 16 Фев 2021 | 1831 | 0

Бүгүн, 16-февралда Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча митинг кайрадан уланды. Алар Кыргыз-Тажик жана Кыргыз-Өзбек чек арасындагы пайда болгон маселелерге бийлик олуттуу көңүл бурбай жатканына нааразы. Акциянын катышуучулары бийликти чек арага олуттуу көңүл бөлүп, ага чара көрүүгө чакырык ташташты. «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Бекназар Айталиев иш-чаранын негизги талаптарын атады.

«Чек ара маселесин чече турган адам — бүгүнкү күндө бирден-бир президент. Ал көйгөйгө ыкчам чара көрүүсү керек. Ак-Сай айылындагы тажик аскерлери ээлеп алган жайытты, Көк-Таштагы көчөт тиккен жерлерди кайра ордуна коюп, ал жерден тажик аскерлерин чыгаруу, чек арада биздин да аскер күчтөрүбүздү көбөйтүү зарыл».

Баткен районунун Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы 40 гектардын тегерегиндеги жайыт жерди тажик аскерлери 8-февралдан баштап кайтарууга алып, жергиликтүүлөрдү киргизбей койгон. Айыл элинин айтымында, тажик тарап аталган жерде курулуш иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми Көк-Таш айылынын кире беришиндеги чек ара тилкесине да тажиктер көчөт отургузуп баштаганын жергиликтүү тургундар видеого тартып, бийликтин тез арада чара көрүүсүн талап кылган. Бул боюнча өкмөт тараптан уруксат бар экенин, мындан улам, кыргыз чек арачылары чара көрө албасын айтып, кабатырлануусун билдиришкен.

Мындан тышкары Ала-Бука районунун Көк-Серек айылында Өзбекстан менен чектешкен аймакта чек ара чыры февралдын башында башталган. Анда өзбек чек арачылары аймактагы жайытка кирип келип, зым тартуу иштерин баштаган.

Бул жагдайлар боюнча 15-февралда Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирүү жасап, Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагындагы айрым жер тилкелеринин коңшу өлкөгө өтүп кеткени жөнүндө сөздөр негизсиз экенин маалымдады. Ал эми УКМКнын Чек ара кызматы Көк-Таштагы тажиктердин көчөт отургузуу, курулуш иштери токтотулганын кабарлады. Ошондой эле Баткен районунун Суу-Башы деп аталган жеринде Баткен жана Сох багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, натыйжада өзбектердин тактала элек тилкеге орнотулган үч темир-бетон электр мамысы алынып салынган.

Чек ара коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев бийликтин бул билдирүүсү суу кечпей турганын, абал өзгөрбөгөнүн айтат.

«Өкмөт онлайн брифингде: «Көк-Ташта тигилген көчөттөрдү жулдурдук, Баткен, Сохтогу зым карагайларды алдырып салдык», — деп жалган маалыматты айтты. Бул — жалган. Ал Өзбекстан тараптан түндөп отургузулганы айтылып жатат. Тажик тарап көчөттөрдү түндөп тигип кеткени жөнүндө маалымат бизге келип жатат. Биздин расмий бийлик тигилер менен сүйлөшүп алып иш кылып жаткандай. «Биз расмий билдирүү жасайбыз, силер кийин кайра ишти уланта бергиле», — деген сыяктуу. Эмне үчүн көчөттү жулдургандан кийин аскер күчтөрүн алып барып койбойт? Эмне үчүн «Мындай ишиңерди кайра кайталабагыла», — деген нота жибербейт?». 

Акциянын катышуучулары Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагындагы Кыргыз-Өзбек чек арасында да абал курч экенин билдиришти. Жергиликтүү тургундардын бири Кылыч Шанаевдин айтымында, өзбек чек арачылары болжол менен 130 гектар жайытка кирип келип, зым тартуу иштерин баштаган. Бул боюнча элдин кайрылуусун бийлик укпай жатат. Мындан улам жергиликтүү калк аталган жер жашыруун өтүп кетиши мүмкүн деп тынчсызданып жатат.

«Он күндөн бери өзбек чек арачылары менен кыргыз жарандарынын ортосунда чыр уланып келет. Жер боюнча ар кандай имиш сөздөр айтылууда. Бирок, 2017-жылы 5-сентябрда берилип кеткенин кечээ УКМК айтып чыкты. Азыркы парламент аны ратификация кылып бериптир. Биз муну билген эмеспиз. Бул боюнча Юстиция министрлигинин базасында маалымат жок экен. Мында бир мандем бар. Иликтеп чыгып, тийиштүү адамдарды, парламентти жоопко тартуу керек». 

Буга чейин жашыруун сатылган жер тилкелери болсо, Өкмөт ачык маалымат берип, ага тийиштиги бар кызмат адамдарын жоопко тартуу менен ал тилкелерди ордуна кайтаруу талабы айтылган. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов парламентте өз ара изилдөө иши башталганын, тилекке каршы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынын кесепетинен чек арага тийиштүү айрым документтер табылбай жатканын маалымдады.

«Мыйзам менен ратификацияланып берилип кеткен, президент кол койгон», — деген сөз чыгып жатпайбы. Анын баарын тактоо үчүн документтерди архивден талап кылып жатабыз. Бирок, былтыркы 5-6-октябрдагы окуялардан кийин Жогорку Кеңештин архивиндеги документтер табылбай жатат. Маселени парламентте бүгүн-эртең карайбыз». 

Кечээки митингде элден эки өкүлдү президент Садыр Жапаров кабыл алары кабарланып, бир канча убакыттан соң, президенттин иш ордунда жок экени маалымдалган. Кийинчерээк, президент Орусияга жасай турган сапарына байланыштуу обочолонуу режимине өткөнү, мындан улам, алар менен жолуга албасы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM