Connect with us

Чек араны тактоодо эки өлкө тең жоопкерчиликти сезиш керек

Саясат | 21 Янв 2020 | 877 | 0

Чек ара маселеси боюнча  Жогорку Кеңештин комитетинде талкуу болду. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча азыркы жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Бир катар депутаттар чек ара маселесин чечүү сунуштарын жана суроолорду беришти. Буга чейин жолугушууда коюлган 6 келишим боюнча жер маселеси жана  аткезчиликти токтотуу боюнча маселелер көтөрүлдү. Жеңиш Разаков аткезчилик менен күрөшүп жатканын айтып, бул маселе жабык эшик артында сүйлөшүлдү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерлерди алмашуу жолу менен чечүү боюнча эки өлкөнүн тең комиссиялары макул болуп турат. Азыр Баткен районундагы 2 аймакты алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Жеңиш Разаков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында айтты:

-Аныкталган жерлерди алмаштыруу  боюнча  алар тараптан да, биз тараптан да макулдук бар. Бул жолу Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы Самаркандек участкасын алмашуу тууралуу сүйлөшүлгөн. Эртең Тажикстандын жумушчу тобу менен сүйлөшөбүз, эки тарап тең бирдей жоопкерчилик менен жер маселесин чечебиз. 

Жогорку Кеңештин комитетинде чек ара боюнча бир топ маселелер көтөрүлүп, өкмөткө жана ИИМдин ишине сын айтылды. Жумушчу топ жеринде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп иш алып барыш керек. Жерлерди жергиликтүү эл менен сүйлөшүп алмаштыруунун зарылчылыгын айтып, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өкмөт өкүлдөрүн жарга такады:

Мына жакында жолугушуп келдиңер, конкреттүү 6 келишимге кол коюлуптур, бирок ал иш жүзүндө ишке ашабы? Бир канча жылдан бери офисте отуруп сүйлөшүп, бирок 1 метр жерди чече албай жатасыңар. Жер алмаштыруу менен маселени чечели, бирок алгач жергиликтүү эл менен сүйлөшүп, айылдарды аралап чыгышыңар керек.  

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова чек арада болгон чырдан улам камакка алынган жарандар боюнча атайын органдарга кайрылып, жергиликтүү тургундардын камакка алынганы туура эмес деп эскертти:

Чек арадагы коопсуздукту орното албай, ал жердеги жашоочуларды камаганга кандай укугуңар бар? Өз оюн айтканы Бишкекке келген жарандарды эмне үчүн камакка алып, суракка тартып жатасыңар? Баш мыйзамда жазылгандай, ар бир жаран өзүнүн оюн эркин айтканга укугу бар. Аларга коопсуз абалды силер түзүп беришиңер керек. Силер коргобосоңор, ким коргойт аларды? Ансыз деле үйүндө ээн-эркин жата албайт. Ошол үчүн укук коргоо органдарына баа беришибиз керек. Атып жатса да, камап жатса да унчукпай жатабыз

Ал эми эл өкүлү Исках Пирматов Тажикстанга Лейлек аркылуу аткезчилик жолу менен кирген товарларды чектеп, аны рычаг катары колдонууну сунуш кылды:

-Жеке менин оюмда, чек араны такыр жаппашыбыз керек. Чек ара ачык тура берсин, эл кирип чыгышы керек. Аткезчилити токтотууга эмне тоскоолдук болуп жатат? Эмне бизде башка кооптуу нерсе барбы же башка бирөөнүн кызыкчылыгы барбы? 

Чек арада аткезчилик жок деп айтууга болбойт деп,  былтыр аткезчилик боюнча 38 млн. сом суммадагы 50 факт катталганын  Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев комитет жыйынында жооп берип жатып билдирди.

Тажик тарап менен чектешкен аймактарда аткезчилик жолу менен товар өткөрүү токтогондугун Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков айтып,  бул маселени жабык кароону айтты.

—  Аткезчилик жолу менен товар өткөрүү токтогон. Бул боюнча такыр эч ким иштебей жатат дегенден алыс болушубуз керек. Түшкөн салыктык төлөмдөрдөн улам айрым айыл өкмөттөрү бюджетин 7 млн сомдон 70 миллион сомго чейин жеткирген.

Чек ара чыр-чатактарынын 90 %ы  Баткен облусунун аймагында боло турганын айтып,  облуска чек ара лицейин ачууну депутат Каныбек Иманалиев жыйында сунуш кылды. Андан тышкары чек ара маселеси боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтордун изилдөө иштеринин жыйынтыгында 114 чакырым жер бардык карталар боюнча туура келери аныкталды. Эми аныкталган жерлерди алмаштыруу боюнча  22-январда Тажикстандын  жумушчу тобу менен  жолугушуу өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM