Биз менен байланышыңыз

Кошуна өлкөлөрдөн келген мигранттардан салык алуу талкууланды

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 852 | 0

Жогорку Кеңеште «Чек ара мигранттарынын» патент аркылуу мыйзамдуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүү демилгеси көтөрүлдү.

Кошуна өлкөлөрдүн жарандары үчүн патент системасын ишке киргизүү менен миграция кызматына ай сайын 500 сом патенттик акча төгүлүп, мигранттардын мыйзамдуу иштөөсүнө жол ачыларын демилгечи депутат Исхак Пирматов айтты.

Ал ошондой эле, жергиликтүү бюджеттер дагы жылына болжол менен 700 млн сомго чейин киреше ала турганын кошумчалады.

Коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын аймагында 60 күн визасыз жүрө алгандыктан, алар өлкөдөгү талаа жумуштары, тигүү, курулуш тармактарында, чакан ишканаларда иштейт, бирок мамлекетке бир тыйын да төлөшпөйт, ошондон улам коррупциялык жагдайлар жаралууда. Азыркы учурда бюджетке түшчү акчалар, башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат, — деди демилгечи депутат.

Айрым депутаттар тарабынан патенттик төлөмдүн өлчөмүн 500 сом деңгээлинде эмес, жок дегенде 1000 сомго чейин көтөрүү сунушталды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагына коңшу өлкөлөрдөн күнүмдүк жумуштарда иштөө үчүн жылына 314 миң адам келет. Алардын басымдуу бөлүгү талаачылык жумуштарында жана курулуш иштеринде эмгектенет. Эгерде чек ара мигранттары патент албай иштесе, мыйзамга ылайык, 5-категориядагы айыппул (10 миң сом) төлөөгө тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM