Биз менен байланышыңыз

Пирматов: Өзбек, тажик жарандарына патент берип, 1 млрд сом тапсак болот

Күн чекит , Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 38132 | 0

Чет өлкөдөн келип Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан мигранттарга патент берүү мыйзам долбоору сунушталды. Аталган мыйзамды депутат Исхак Пирматов демилгелеп, долбоор парламентте биринчи окууда каралды. Бул теманын тегерегинде Пирматов менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: Сиз Кыргызстанга келген мигранттарга патент берүү боюнча мыйзам көтөрүп чыктыңыз. Мыйзамдын максаты эмне, токтолуп кетсеңиз.

-Негизги максаты бардыгы мыйзамдуу, мыйзам талаасында болсо деген эле ой. Себеби, бүгүнкү күндө бир жылда биздин мамлекетке 314 миң өзбек жана тажик жарандары кирип жатат. Алардын арасында канчасы иш менен, же жеке өз маселеси менен келип жатат, эч ким билбейт. Эч бир орган тейлебейт. Маалыматтары да жок. Болжолдуу маалымат менен кеминде 150 миңге чейин жарандар, чек арага чектеш жерлерге келип, иштеп жатат. Маселен курулуш, талаа жана устачылык багыттарда эмгектенип жатышат. Алар бир тыйын да төлөбөйт. Бир гана, ошол аймакты караган колу таза эмес милиция кызматкерлерине акча берип, ал каражат мыйзамдуу болбой келет. Ай сайын калыптанып калган көрсөтүлгөн сумманы төлөп жатышат. Эгерде биз бул маселени мыйзамдуу түрдө карап келсек, болжол менен 700 млн сомдон 1 млрд сомго чейин жергиликтүү бюджетке түшүрсөк болот. Эгерде булар мыйзамдуу иш алып бара турган болсо, чек арага чектеш райондон Бишкек  шаарына келип, миграция кызматында мигранттар толгон-токой бюрократиялык иш кагаздарды толтурууга туура келет. Ошондо гана уруксаат кагаздарын ала алат. Ал эми аталган кагазды бир гана миграция кызматы бере алат. Жер-жерлерде миграция кызматынын өкулчүлүктөрү жок болгондуктан, мыйзам иштебей келет дагы, жогоруда айтып кеткендей колу таза эмес милиция кызматкерлеринин чөнтөгүнө мыйзамсыз миллиондогон каражаттар кетип жатат. Максатыбыз — жергиликтүү казыналар мыйзамдуу түрдө толсо, республикалык бюджетти карабайт эле.

Марал: Патенттин кириши менен эмне өзгөрөт? Акча көп түшөбү? Же мигранттардын келүүсүнүн саны азаябы?

-Негизгиси, каражат түшөт казынага. 2016-жылдан бери Өзбекстан менен чек ара ачылган. Тагыраагы, визасы жок 60 күн Кыргызстанга келип, кетүүгө уруксаат берилген. Төрт жылдан бери бизде ушул көрүнүш уланып эле келе жатат. Бир тыйын пайдасы жок. Айрым гана кызматкерлердин чөнтөгү жыргап жатат. Эгерде Өзбекстанда жашоо деңгээли жогорулап, айлык маянасы көбөйсө, ошондо гана бизге кирген мигранттардын саны азаят. Өзбек жана тажик мигранттар өзүлөрү мыйзамдаштырып берсеңер деп суранып жатат. Алар көрсөтулгөн сумманы төлөөгө макул. Бул мыйзам бир гана Өзбекстан жана Тажикстанга тиешелүү болот. Анткени аталган мамлекеттерде Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүүгө  мүмкүнчүлүк бар.

Copyright © 2017 Maral FM