Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы алты айда 259 миңден ашык электрондук патент берди

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 506 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын башынан тартып азыркы учурга чейин 609 млн сом суммасында 259 миң электрондук патент берди. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Электрондук патент берилип баштагандан бери (2018-жылдын 1-октябрынан баштап) мекеменин сайты аркылуу онлайн түрүндө бардыгы болуп 1 млрд 31 млн сом суммасында 419 миң патент берилген.

Мындан тышкары, 2020-жылдын августунан тартып патент жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилип, бир документ менен алуу мүмкүндүгү түзүлгөн. Бул мезгилден тартып суммасы 297 млн сомдук 395 миң патент жана 316 миң камсыздандыруу полиси берилген.

Бириктирилген документ – патент жана камсыздандыруу полисин эки ыкма менен: салык органына баруу менен кагаз жүзүндө жана Salyk.kg сайтында «жеке кабинети» аркылуу электрондук формада алууга болот.

Учурда электрондук патент үчүн төлөмдү ар кандай жолдор менен төлөй аласыз. Эгерде накталай эмес болсо, анда интернет-эквайринг аркылуу «Демир банктын», «Кыргызкоммерцбанктын» жана «Азия» банкынын Viza жана Master Card карталары, ошондой эле «Элсом», UMAI жана «O! Деньги» мобилдик банкингдери аркылуу жүргүзсө болот.

Накталай төлөөдө: «Оптима Банк», «РСК Банк», «Айыл Банк», «Керемет Банк», АКБ «Кыргызстан», «БТА банк», Quickpay Megacom, NBP, KICB, «Финка банк», «Бай Түшүм банк» жана «Кыргызкоммерцбанктын» төлөм терминалдарын колдоно аласыз, ошондой эле  «РСК Банк» жана «Айыл Банктын» кассалары аркылуу да төлөсө болот.

Copyright © 2017 Maral FM