Биз менен байланышыңыз

Орусия чет элдик жарандардын эмгек патенттерин автоматтык түрдө узартат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2020 | 956 | 0

Орусиянын Ички иштер министрлиги чет элдик жарандарга эмгек патенттерин жарактуулук мөөнөтү 15-июнга чейин болгондорду автоматтык түрдө 93 күнгө узартат. Бул тууралуу ТАСС агентиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин пресс-борборуна шилтеме берип маалымдады.

«Эгерде патенттин мөөнөтү ушул жылдын 15-мартынан 15-июнуна чейин болсо, ал автоматтык түрдө 93 күнгө узартылат«, — деп билдирет агенттик.

Ички иштер министрлиги ошондой эле патентти узартуу үчүн эч кандай акы талап кылынбай тургандыгын билдирген.

Апрель айында Ички иштер министрлиги чет элдик жумушчулар 15-марттан 15-июнга чейин эмгек ишмердигин «жумушка уруксат же патент» албастан жүргүзө ала тургандыгын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM