Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктардын «ырыскысын талашкан» иммигранттар

Коом | 6 Фев 2020 | 281 | 0

Коңшу өлкөлөрдөн келген жарандар Кыргызстанда иштөө үчүн патент төлөөсү керек. Бул боюнча бир катар эл өкүлдөрү буга чейин да маселе көтөрүп келишкен. Сырттан келген эмгек мигранттары патент төлөбөсө, мыйзам бузулат. Мамлекеттик миграция кызматына катталган чет өлкөлүк жарандардын саны аз болгону менен каттоодон өтпөй мыйзамсыз иштегендер өлкөдө миңдеп саналат.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары патент төлөп иштеши керектиги тууралуу маселени эл өкүлү Исхак Пирматов сунуш кылды. Анын айтымында, сырттан келген мигранттардын кайсы жерде иштегенин жана патентке канча төлөшү керектигин мыйзамдаштырса, бир чети жергиликтүү бюджетке киреше түшсө, экинчи жагынан алардын коопсуздугу үчүн да кепилдик болот.

-Айрыкча, чек арадагы райондорго коңшу Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары келип сезон учурунда иштеп кетишет. Алар Бишкек, Ысык-Көлгө чейин келип иш издешет. Мигранттарды жергиликтүү милиция коркутуп-үркүтүп, акчасын тоногон учурлар кездешет. Андыктан биз аны мыйзамдаштырып, акчаны бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, жергиликтүү бюджетке түшүшүн сунуштайбыз. Ар бир райондо салык кызматы бар. 

Буга чейин  Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да курулуш жана башка ар кандай тармакта иштеген эмгек мигрантары патент төлөшү керек деген пикирин билдирген. Кыргызстанда жумушсуздук күч алды деген менен, сырттан келгендер иштеп, тескерисинче,  кыргыз жарандары Орусияга жумуш издеп кетип жатышканын, ушундан улам патент маселесин тартипке салуу керектигин айткан.

Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Мээрим Беккожоева сырттан иштегени келген мигранттарды көзөмөлгө алуучу орган же топ жок болгондуктан, өзгөчө чек ара аймактагылар патент албай иштеп кетип жаткан учурлар катталганына токтолду:

-Өзбекстандын былтыр 100гө жакын жарандары катталса, ал эми Тажикистан жарандарынын 28ине патент берилген. Бирок, чындыгында, бизде мыйзамсыз иштеп жаткандар бар. Себеби алар тиешелүү органдар тарабынан көзөмөлдөнбөй жатпайбы. Аймактарда биздин филиалдар же атайын көзөмөлдөөчү топтор жок болгондуктан ушундай маселелер жаралып жатат. Биз мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдер боюнча иш алып барабыз. 

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыковдун айтымында, мыйзамсыз иштегендер мыйзам бузган болот, ошондуктан тиешелүү органдар менен бирге чара көрүлүп, аларга айыппул салынат.

-Биз чет өлкөлүктөр миграция кызматына катталгандан кийин гана алардан патент төлөшүн талап кылабыз. Рейддерди жүргүзүп турабыз. Эгерде мыйзамсыз иштеп, салыгын төлөбөгөн фактылар катталса, тиешелүү чара көрөбүз жана айыппул салынат. Иштеген аймагына, жумушуна жараша эмгек келишими түзүлөт. Мыйзам чегинде чет өлкөлүк жаран, патент төлөшү керек, бирок эл аралык келишимдердин негизинде 60 күнгө чеийн Кыргызстандын аймагында визасыз жүрсө болот. Аз убакыт аралыгында иштеп кеткендер да болот. 

2019-жылы чет өлкөлүк 7 миң 85 жаранга Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат документи берилген. Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда патент системасы 1996-жылы киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM