Биз менен байланышыңыз

«Стартап Кыргызстан» сынагына үч жүздөн ашуун долбоор катышууда

1-февралда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан өткөрүлүп жаткан «Стартап Кыргызстан» сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алуу убактысы жыйынтыкталды. Ага жалпысынан 320 өтүнмө келип түштү, анын 317си жеке жактардан, ал эми 3 өтүнмө юридикалык жактардан. Бул тууралуу Кыргызпатенттин пресс-катчысы Гульбара Кудайбердиева билдирди.

Өтүнмөлөр эч кандай чектөөлөрсүз, экономика  секторунун бардык багыттары боюнча кабыл алынды. Бардык тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн, жаңычылдыгы менен өзгөчөлөнгөн бир стартап долбоорго 500 миң сомго чейин каржылык жардам көрсөтүлөт.

Региондор боюнча бөлүштүргөндө Бишкек шаарынан – 137 өтүнмө, Ысык-Көл облусунан  – 42 өтүнмө, Чүй облусунан  – 38 өтүнмө, Нарын облусунан  – 24 өтүнмө, Ош облусунан  – 30 өтүнмө, Баткен облусунан  – 21 өтүнмө, Жалал-Абад облусунан  – 21 өтүнмө, Талас облусунан  7 өтүнмө келип түшкөн.

Өтүнмөлөрдүн негизги бөлүгү Бишкек шаарынан, келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы санынын 43% түзгөн, ошону менен “Өндүрүш” жана “Агромаданият” тармагына 48%, ошондой эле кызмат чөйрөсүнө 26% түзөт.

Кийнки этап акселерациялык программаны өтүү үчүн кандидаттарды тандап алууну көздөйт. Катышуучулар үчүн бизнес-пландоо, питчинг, маркетинг, долбоордун MVPсин түзүү боюнча акысыз окутуу жүргүзүлөт.  Катышуучулардын тизмеги эксперттик комиссиянын чечими менен түзүлүп, 20-февралга чейин www.patent.kg сайтына, ошондой эле Кыргызпатенттин социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылат.

Copyright © 2017 Maral FM