Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 1 жылда электрондук түрдө 37 миң 916 патент берди

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 589 | 0

Мамлекеттик салык кызматы бир жыл ичинде ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө 37 миң 916 патент берген. Бул тууралуу мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Мындай жеңилдетилген форматтагы иш 2018-жылдын 1-октябрында башталган.

Ведомство электрондук патентти эки ыкмада: «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервиси жана eID-карт (2017-жылдан тартып жаңы үлгүдөгү паспорт) менен берет.

Салык кызматы электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча шлюзга башка коммерциялык банктарды жана төлөм терминалдарын кошуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Электрондук патентти интернет аркылуу сатып алуу салыктын жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түздү. Анын ичинде салыкчылар менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы түз байланышты кыскартты. Бул коррупциянын тобокелдигин азайтат”, — деп айтылат Салык кызматынын расмий сайтында.

Салык төлөөчүлөр салык органына барбай эле, патентти кеңседен (соода жана кызмат көрсөтүү түйүндөрүнөн) же үйдөн чыкпастан интернет аркылуу каалаган убакта сатып алууга болот. Терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар аркылуу патент үчүн акы төлөөгө мүмкүнчүлүк бар экенин Салык кызматынын маалымат кызматы кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM