Биз менен байланышыңыз

Депутат Пирматов кыргыз-тажик чек арасындагы тургундарга үй салып берип жатат

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 1911 | 1

Баткен районунун чек арадагы Ак-Сай айыл өкмөтүндө жаңыдан трансформация болгон 90 гектар жер элге бөлүнүп берилди. Учурда турак жай куруу үчүн 107 кожолук жер тилкесине ээ болду. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев “Маралга” билдирди.

Учурда айрым жарандар үйдүн пайдубалын куруп башташты. Ал эми мүмкүнчүлүгү жетпегендерге Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов өз эсебинен турак жай куруп берип жатат. Депутаттын каржылык көмөгү менен жети үй-бүлөгө үй курулат. Учурда үйлөрдүн пайдубалы түптөлүп жатат.

Мындан сырткары, депутаттын демилгеси менен футбол аянтчасы дагы курулуп жатат. Жакынкы күндөрү футбол аянчасы курулуп бүтүп, ачылышы боло турганын Эркин Жолчуев кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM