Биз менен байланышыңыз

Максатбек Дыйканов: Быйылкы жылды «Баткен облусунун жылы» деп атоо керек

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2021 | 1100 | 0

Бул жылды «Баткен облусунун жылы» деп атап, облустун инфраструктурасын өнүктүрүүгө күч жумшоо керек. Мындай пикири менен коомдук жана саясий ишмер Максатбек Дыйканов «Маралга» берген маегинде бөлүштү.

1999-жылдан 2003-жылга чейин Баткен облусунун администрациясында аппарат жетекчиси, кийин губернатордун биринчи орун басары кызматында иштеген Максатбек Дыйканов облус түзүлгөндөн кийин жетиштүү көңүл бөлүнбөй калганын айтты.

«Ар бир облус жаңы түзүлгөндө анын түптөлүшүнө чоң акчалар каралат. Баткенге да жылына 100 млн сомдон бөлүп туруу каралганы менен, тилекке каршы, ал суммалар берилбей калды. Биринчи жылы жарымынан көбү, экинчи жылы 36 млн сомдун тегерегинде берилди. Кийинки жылдары такыр эле каралбай калды. Аты эле облус болгону менен инфраструктасы ал деңгээлге жеткен жок. Быйылкы акыбал бизди дагы бир ойлондурду. Керек болсо, бул жылды «Баткен облусунун жылы» деп белгилесек болот. Бийлик бир топ пландарды түзүп атат. Бир ай ызылдап, чуркап туруп, анан унутуп койбой, ошону аягына чыгаруу керек. Керек болсо, бюджетте «Капиталдык салымдар» деген берене бар. Ошого бөлүнгөн акчаны бир жыл толугу менен Баткенге жумшаса, башка облустар түшүнөт деп ойлойм», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM