Биз менен байланышыңыз

Депутат: Теңгиз Бөлтүрүк мекенчилдик сезимин көрсөттү

Кыска кабар , Пикирлер | 18 мая 2021 | 994 | 0

Кечээ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Теңгиз Бөлтүрүккө Канаданын жарандыгынан чыгуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, канадалык жарандын «Кумтөр» маселесине аралашып жатканы өзүндө да, башка кесиптештеринде да башында кооптонуу жараткан.

«Ал «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумдарына келип жатканда  тажрыйбалуу, билимдүү жигит экенин көрдүм. Анын жарандыгы башка кесиптештеримде да укуктук, моралдык жактан туура эмес болгондой сезим калтырып жатат. Бирок Теңгиз Бөлтүрүк кечээ директорлор кеңешинен чыгуу чечимин билдирди. Депутаттар: «Биротоло Канаданын жарандыгынан чыгыңыз», — деп сунушташты, эми аны өзү чечет. Бирок кечээки отчетунда мекенчилдик сезими бар экени көрүндү. Кооптонууга негиз жок деп ойлойм», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM