Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында 4 кичи райондон башка аймактарда да суу токтойт

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 516 | 0

Ош шаарында 1 сааттын ичинде 4 кичи райондон тышкары шаардын башка аймактарында суу  токтойт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин ак жаандан улам, Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан кыян жүрүп, Ак-Буура дарыясы ылайланып калганына байланыштуу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү токтотулган эле.

Ош шаарында «Ош шаар суу канал» ишканасы суу ташуучу унаалар (водовоз) менен аймактарга таза суу жеткирүүнү уюштуруп жатат.

Суу жеткирүү үчүн төмөнкү байланыш телефондору аркылуу буйрутма калтырсаңыздар болот.

Байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105, 0225 105-105, 0999 105-105.

Copyright © 2017 Maral FM