Биз менен байланышыңыз

Марипов эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 513 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Улукбек Марипов маалымдагандай, өлкө аймагындагы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын төрагасынын милдети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага жүктөлөт.

Министрлер кабинетинин башчысы калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо темпин күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны жогорулап жатканын байкоодобуз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жагымсыз абал орун алууда. Тилекке каршы, күн сайын жарандарыбызды жоготуудабыз. Коронавирус инфекциясынын пандемиясы коомдун ар бир мүчөсүнөн аң-сезимдүүлүктү жана жөнөкөй санитардык эрежелерди сактоонун маанисин түшүнүү менен кабыл алууну талап кылууда. Учурда республика боюнча калкты вакцинациялоо жүрүүдө. Бул маанилүү багытты күчтөндүрүү зарыл. Өлкөдө вакцинациялоо темпин тездетүү керек», — деди Улукбек Марипов.

Марипов тармактык мамлекеттик органдардын республикага коронавирус инфекциясынан вакциналарды мындан ары карай жеткирүү боюнча маселелерди сапаттуу жана ыкчам иштеп чыгууну улантуусу маанилүү экендигин белгиледи жана бул багытта тийиштүү тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM