Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда каналдарды тазалоо иштери уланууда

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 500 | 0

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун аймагында 23 объектиде арык, каналдарды тазалоо, жээк бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 20 объектиде иш аяктады, 2 имаратта жумуш убактылуу токтоп турат, 1 объектиде жумуш аткарылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун аймагында 82 кооптуу обьектиде жумуш аткаруу мерчемделген. Кошумча 3 объект кирип, жалпы 85 объектини түздү.

Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Сафоровка айылындагы сел каналдын 1600 метр аралыгын казып тазалоо иштери жүрүүдө. Натыйжада 50 турак жай жана 50 гектар айыл чарба жерлери корголот.

Copyright © 2017 Maral FM