Биз менен байланышыңыз

Баткен: селден кийинки сүрөттөр

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 5646 | 0

2-май күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана «Жаңы-Конуш» тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөсүнө, 10 турак үйдүн огороддоруна, “Арча-Бешик” бала бакчасынын жер төлөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел суулары кирген.

Ошондой эле, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көкташ унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум шагылдарга толтурган.

Учурда сел калдыктарын тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM