Биз менен байланышыңыз

Парламент Лейлек, Аксыдагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн маалыматын угат

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 660 | 0

Жогорку Кеңеш 6-майдагы отурумунда Лейлек жана Аксы районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн маалыматын угат.

Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

2-майда Баткен облусунун Лейлек районунун борбору Исфана шаарында, Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарында катуу сел жүрүп, 10 турак үйгө, 16 турак үйдүн короолоруна сел кирген. Мындан сырткары бала бакчалар жабыркап, таза суу түтүктөрү, унаа жолдор, электр байланыштары жарактан чыккан.

3-май күнү болсо, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында сел жүрүп, азык-түлүк сатуучу дүкөндү, 3 турак үйдүн короосун каптаган.

Copyright © 2017 Maral FM