Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров Лейлектин сел каптаган айылдарынан кабар алды

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 934 | 0

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров кечээ Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарындагы, Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарындагы сел каптаган объекттерди кыдырып чыкты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ал ошондой эле селдин кесепетинен зыянга учураган турак жайларды жана инфраструктуралык объекттерди көргөн. Вице-премьер-министр жарандарга тийиштүү жардамдарды көрсөтүү, жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдарда чара көрүүнүн алкагында алдын алуу иш-чараларын көрүү боюнча катар тапшырмаларды берди.

Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында турак жайды камсыздандыруу боюнча иштерди күчөтүүнү милдеттендирди.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 миллион сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM