Биз менен байланышыңыз

Аксыда дагы сел жүрдү

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 847 | 0

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында бүгүн, 4-майда түнкү саат 01:00 чамасында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы алдын ала билдиргендей, кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам айылды сел каптаган. Анын кесепетинен 8 турак үйдүн короолорун сел каптаган.

Мындан сырткары Шына айылында 10 турак үйдүн короолорун сел каптап, ошондой эле Эчкилик-Сай жана Жолборсту айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдордо жүргөн.

3-май күнү Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылында жана Ала-Бука районунда Кош-Терек айылында сугат каналынан суу ашып 6 турак үйдүн жана Ызар айылында 8 турак үйдүн короолорун суу каптаган.

Copyright © 2017 Maral FM