Биз менен байланышыңыз

Лейлек: сел бузган жолдор оңдолуп, элге таза суу берилди

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 884 | 0

Лейлек районунда 2-майда катуу жааган жаандан улам келген селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Учурда райондун унаа жолдору толугу менен тазаланып, жол каттамы калыбына келтирилди. Ал эми райондун борбору Исфана шаарынын элине таза суу берилди.

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Исфана шаары, Тогуз-Булак жана Сумбула айылдарына электр энергиясы берилип, Катраң айылына электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө. Ал эми Кара-Таш, Беш-Бала, Мурза-Патча, Самат айылдарына келчү таза суу системасын оңдоо иштери уланып жатат.

Табигат кырсыгынан Лейлек районунда 4 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн жер төлөсүнө, 6 турак үйдүн короо жайларына сел суусу кирген. Азыркы учурда турак жайлар сел суусунан тазаланып бүттү.

Мындан тышкары бир бала бакчанын жер төлөсүнө, короосуна сел кирген.

Селден улам келтирилген жалпы чыгым учурда такталып жатканы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM