Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Өкмөттүн Лейлек, Аксыдагы сел кесепеттерин жоюу боюнча маалыматын угат

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 597 | 0

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеш жалпы жыйында Лейлек жана Аксы районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн маалыматын угат.

Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирген.

2-майда Баткен облусунун Лейлек районунун борбору Исфана шаарында, Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарында катуу сел жүрүп, 10 турак үйгө, 16 турак үйдүн короолорун сел каптап кеткен. Мындан сырткары, бала бакчалар жабыркап, таза суу түтүктөрү, унаа жолдор, электр байланыштары жараксыз абалга келген.

3-май күнү болсо, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында сел жүрүп, анын кесепетинен азык-түлүк сатуучу дүкөн, 3 турак үйдүн короосу жабыркаган .

Copyright © 2017 Maral FM