Биз менен байланышыңыз

«Тышкы саясатта бир мамлекетти карап отуруу туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 мая 2021 | 825 | 0

Тышкы саясатты жүргүзүүдө бир мамлекетти карап отура берген туура эмес. Мындай пикирин «Ак калпак» партиясынын лидери, саясатчы Улукбек Маматаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Орусияны «улуу агасы» катары көрүп көнүп алган. Бирок суверендүү мамлекет болгон соң, бардык мамлекеттер менен ар тараптуу мамилени өнүктүрүүгө аракет кылуу керек. Бул үчүн Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолун тезирээк куруп бүтүрүү зарыл.

«Президент жаңы Башмыйзамды кабыл алганда, Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолун тезирээк куруп бүтүрүүгө аракет кылуу керектигин айтты. Бул — аябай чоң долбоор, кылым долбоору десек болот. Муну эл да, саясатчылар да колдошу керек. Коңшуларга жакпаганы менен бул темир жол бизге керек», — деп билдирди Маматаев.

Copyright © 2017 Maral FM