Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиясы Түркия талап кылган жарандарын бербейт

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 870 | 0

Журналист Жамал Хашокжинин өлүмүнө айыпталган саудиялык эки жаранды Рияд өткөрүп бербейт. Бул тууралуу Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министри Адил аль Жубайр Перс булуңундагы өлкөлөрдүн саммитинин соңунда журналисттерге берген маегинде билдирди.

Түркиянын жогорку соту аталган окуя боюнча Саудиянын мурунку башкы чалгынчысынын жардамчсы Ахмад аль Асири менен мураскер ханзааданын кеңешчиси Сауд аль Кахтаниге «адам өмүрүнө кол салуу», «мыкаачылык менен жанын кыйнап өлтүрүү» беренелери боюнча айып тагып, аларды кармоого өкүм чыгарган.

Бирок сауд тарап Түркия иликтөөнүн жыйынтыктарын жана окуя боюнча маалыматтарды макулдашкандай бербегендигин, басылмаларга чыгарган маалыматтарды гана билдирип турганын айтып, аталган жарандарын Түркияга өткөрүп бербесин баса белгиледи.

Эске салсак, 2-октябрда Сауд Аравиясынын Стамбулдагы элчилигинде киши колдуу болуп өлгөн журналист Жамал Хашокжи окуясында мураскер ханзаада Мухаммед бин Салмандын аты байланыштырылып жаткан. Бирок Туркия бул боюнча маалыматтарды ачык чыгарбай, башка кишилерди күнөөлүү деп тапты. Риядда Анкара сураган эки жаран менен бирге жалпысынан 11 киши кызматтан алынган.

Copyright © 2017 Maral FM