Биз менен байланышыңыз

Жон Керри: Эч ким Трампчалык Американы уят кылган эмес

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 756 | 0

Американын мурунку мамлекеттик катчысы Жон Керри АКШ президентинин Венесуэланын ишине кийлигишип, Хуан Гуайдону президент деп жарыялаганы тууралуу терс пикирин жарыялады.

Ал билдирүүсүндө: «Өзумдүн мамлекеттик кызматта он жылдап иштеген учурумда Дональд Трампчалык өлкөнү уяткарган президентти көрбөдүм. Өзүнүн алабарман саясаты менен бизди өз үйүбүздө экиге бөлдү. Ата-бабаларыбыз жүз жылдап орноткон демократияны муунтуп, экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки чачылган дүйнөнү ынтымакка жана тынчтыкка алып келүү үчүн биз түзгөн уюмдар жана альянстарды бизге каршы кылып, Американы дүйнөдөн бөлүп салды»,-деди.

Ошондой эле ал буга чейин өзүнүн жазган твиттери менен улуттук коопсуздукка коркунуч алып келип, коомду экиге бөлгөн башчы болбогонун кошумчалады.

Мындан сырткары Демократиялык партиянын тарапташтарын 2020-жылдагы президенттик шайлоо үчүн эмитен даярдык көрүүгө чакырды.

Ага Дональд Трамп да катышарын, экинчи ирет төрт жылга шайлануу ниетин билдирген.

Эске салсак, Жон Керри 2014-2017-жылдарда Барак Обаманын убагында мамлекеттик катчы болуп иштеген. Кийинки жылы өтүүчү шайлоого катышары тууралуу имиштер да айтылып жүрөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM