Биз менен байланышыңыз

Азыркы бийлик көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүдө

Саясат | 12 Ноя 2019 | 1110 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы белгиленди. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн майрамдык иш-чарага өлкөнүн тышкы саясатынын өнүгүүсүнө эмгеги сиңген дипломаттар, элчилер, коомдук ишмерлер катышты. Анда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргыз дипломатиясынын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери, кемчиликтери жана мындан аркы аракеттери тууралуу сөз сүйлөдү.

“Кыргыз коомунун башка мамлекеттер менен болгон дипломатиялык мамилеси 643-жылы башталганы тарыхый булактарда жазылган”.

Сөзүн кыргыз дипломатиясынын тарыхынан баштаган президент Сооронбай Жээнбеков “элчи” деген түшүнүк “Манас” эпосунда бар экенин жана XVIII кылымда кыргыздын эл башчылары падышалык Россия менен түзгөн мамилелери жөнүндө айтты. Президент мындан сырткары, БУУнун колдоосу менен көп пландуу реформалар жүрүп жатканын белгилеп, акыркы эки жылда өнөктөш өлкөлөр менен достук-кызматташтыкты бекемдөө максатында жүргүзүлгөн аракеттерге токтолду.

— Тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргыз Республикасы көп вектордуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнү көздөйт. Акыркы эки жылдын ичинде биз коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташтыгыбызды бекемдеп жатабыз. Борбордук Азия өлкөлөрүнө — Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга расмий визит жасалды. Россияга, Кытайга, Түркияга, Евросоюзга болгон мамлекеттик жана расмий иш сапарлар позитивдүү натыйжаларды берди. 

Өлкө башчысы буга кошумча Индия, Япония, Корея, Араб өлкөлөрү жана Америка менен болгон карым-катнашты өркүндөтүү боюнча иштер уланарын айтты.

Ал эми Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Жумакадыр Атабеков
эгемендикке жеткенден кийин Бириккен улуттар уюмуна кирүү — Кыргызстандын алгачкы ийгиликтүү тышкы саясий чечимдеринин бири болгонун белгилейт.

— Тышкы саясатыбыз, кудайга шүгүр, жаман эмес. 75-жылдын ичинде көп жетишкендиктерге жеттик. Эң алгач, 1992-жылы БУУга мүчө болдук. Кийинчерээк биздин дипломаттардын саны көбөйдү, тажрыйбасы кеңейди. Элчиликтердин көбөйүшү тажрыйбабыздын өсүшүнө, тил үйрөнүүсүнө, адистердин пайда болуусуна салымын кошту. Бүгүнкү майрамыбыз да көп жылдык аракетибиздин жыйынтыгы.

1992-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында Кыргыз Республикасы уюмга бир добуш менен кабыл алынган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөнүн 163 өлкөсү менен дипломатиялык мамилеле түзүүгө жетишкен.

Көп вектордуу тышкы саясат акыркы эки жылда жанданды. Дипломаттардын деңгээлинде тиешелүү кемчиликтер жоюлуп жатат. Мындай пикирин парламенттин мурунку төрагасы Зайнидин Курманов билдирди:

— Түз айтсак, тышкы саясаттын абалы оңолуп баратат. Мурунку президенттин учурунда бир полярдык саясат жүрүп, абалыбыз начарлап бараткан. Азыр тышкы саясат кайрадан көп багыттуу кызматташтыкка өттү. Биздин Конституцияда ошондой максат коюлган. Жалпы эксперттер тышкы саясатка жакшы баа берип жатышат. Кемчиликтер оңолуу жолуна түштү.

Бирок экс-президент Роза Отунбаева «Кыргызстан жаңы кадрларды даярдоодо аксап келет» деп эсептейт. Буга мисал катары, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин убагында кыргыз-кытай мамилеси талкаланганын, элчи болууга талапкер табылбай калган учурлар болгонун айтат:

— Атамбаевдин убагындагы тышкы саясатта Кытай багыты талкаланган. Министрликтин ичинде эксперттердин баары чачыратылып, элчиликке талапкер таба албай, шашып калган болчу. Биз жаңы кадрларды абдан начар, жай өстүрүп жатабыз. Эксперттер өсүшү керек, адистердин пайда болуусу зарыл. Министрлер болсо ошону түптөбөй, чачыратып жатканы абдан өкүндүрөт.

Отунбаева буга кошумча Кыргызстанды башка өлкөлөрдө таанытып, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон, мазмундуу жана керектүү дипломат болуу маанилүү экенин айтып өттү.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башаты катары — 1944-жылы түзүлгөн Кыргыз ССРинин Тышкы иштер эл комиссариатын белгилеп өтүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM