Биз менен байланышыңыз

Кытай менен Түркия узак мөөнөткө кызматташат

Туркиянын межилисинин спикери Биналы Йылдырым Пекинде КЭРнын мамлекеттик кеңешинин башчысы Ли Кецян менен жолугушту. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар соода-сатык, инвестиция жана инфраструктуралык курулуш жаатында узак мөөнөттүү кызматташтык тууралуу келишимге келип, анын жолдорун талкуулашты.

Ли Кецян Түркия менен тең укуктуу, урмат-сыйга негизделген ар түрдүү багыттагы кызматташтыкка даяр экенин билдирди. Ошондой эле «Бир кемер-бир жол» долбоорун биргеликте жүзөгө ашыруу ниетин да ачыктады.

Түрк парламентинин спикери Йылдырым: «Кытай биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Пекин менен ар тармакта кызматташтыкка даярбыз»,-деп айтты.

Эске салсак, эки өлкөнүн башчылары Режеп Тайип Эрдоган менен Си Цзиньпинь июль айында БРИКСтин саммитинин алкагында Йоханнесбургда сүйлөшүшкөн. Кытай жетекчиси Эрдогандан ортодогу кол коюлуп бирок ишке ашпай турган келишимдерди иш жүзүндө жөнгө салуусун суранган.

 

Copyright © 2017 Maral FM