Биз менен байланышыңыз

«Өлкөбүз 28 жылда тышкы саясатка жакшы негиз түзө албай койду»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2019 | 1107 | 0

Кыргызстан 28 жылда тышкы саясатка жакшы негиз түзө албай койду. Ошондуктан, учурда канчалык аракет жасалса да, жакшы натыйжа чыкпай жатат. Мындай пикирин саясат талдоочу Азамат Темиркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 28 жыл авторитардык башкарууда жашап келген. Башкача айтканда, ички жана тышкы саясаттагы ар бир чечимде бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы корголуп жүргөн.

«Аскар Акаев бийликте турганда өлкөнүн тышкы саясаты жалпы элдин эмес, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргоп жүргөн. Адистер, элчилер президенттик аппараттан түшкөн буйруктарды аткарып келген. Тескерисинче, президент адистерден түшкөн сунуштун негизинде тышкы саясатты алып барышы керек. Кийин Курманбек Бакиевдин убагында да кайра эле ошондой болду. Алмазбек Атамбаев дагы эмоцияга алдырып, өзү жактырган өлкөлөр менен дос болуп, элдин кызыкчылыгын ойлобой, жек көргөн президенттерди жамандап, тышкы саясатыбызды талкалап кетти», — дейт Темиркулов.

Темиркулов Тышкы иштер министрлиги 28 жыл аралыгында элдин эмес, жеке үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргоп келгенин айтып, сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM