Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Молдокматов 2 айга камакка алынды

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 673 | 0

Бүгүн, 8-майда Биринчи май райондук соту «TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду 264-берене менен 2 айга камакка алды. Бул тууралуу тарапташтары билдирди.

Тарапташтарынын айтымында, Молдокматов биринчи 245-берене боюнча айып тагылса,  2 сааттын ичинде 264-берене менен айыпталып, өзгөртүлгөн.

Эске салсак, Молдакматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган. 

Ал эки иш боюнча сурак берип жатат: биринчиси, 5-6-октябрдагы окуяларга күбө катары, ал эми экинчиси, 9- октябрда ачылган кылмыш иши боюнча.

Copyright © 2017 Maral FM