Биз менен байланышыңыз

Баткен менен Лейлектеги эвакуацияланган тургундар өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 527 | 0

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун эвакуацияланган жашоочулары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда. Бул тууралуу Баткен райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөттү.

Ошондой эле аймакка милициянын кошумча көчмө пункттары тартылып, психологдор жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.

Баткендеги чек ара окуясынан кыргыз тараптан 36 адам каза таап, 189 тургун жарадар болгон. Андан сырткары 40 миңден ашык тургун коопсуз жайга көчүрүлгөнү айтылган.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Copyright © 2017 Maral FM