Биз менен байланышыңыз

Баткен эли үчүн 47 млн сомдон ашык жардам чогулду

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 912 | 0

Тажикстан тараптын аскердик агрессиясынын кесепетинен жабыркаган баткендиктерге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсептерге жалпы 47 млн сомдон ашык акча түштү. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын баракчасында жарыяланган, анда акча түшүүлөр тууралуу маалыматты онлайн байкоого болору белгиленген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты тарабынан ачылган эсепке 42 млн 296 миң 789,82 сом, ал эми ӨКМнын эсебине 1 млн 385 миң 927 сом жана Бишкек шаардык мэриясынын эсебине 3 млн 789 миң 064,64 сом түштү.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй, 84 объект жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан.

Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

6-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.

Бүгүн, 6-майда Кыргызстандын Министрлер кабинети чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Кыргызстан тажик тарап менен макулдашкан протоколду жарыялады

 

Copyright © 2017 Maral FM