Биз менен байланышыңыз

Президент Лейлектеги аскер шаарчасынын курулушуна капсула салды

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 839 | 0

Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле жерде мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аларга мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Садыр Жапаров чек ара анын ишиндеги эң артыкчылыктуу маселелердин бири экенин, анткени мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталарын белгиледи.

Президент жабыркагандарга колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө айтып жатып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, жабыркагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөрүн, ал эми үйлөрү кыйрагандардын баарынын турак жайлары бекер калыбына келтирилерин айтты.

Президент 2 айдын ичинде жаңы заманбап үйлөр куруларын айтты

Copyright © 2017 Maral FM