Биз менен байланышыңыз

Орусиянын муфтийи кыргыз-тажик коогасы боюнча кайрылуу жасады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2021 | 723 | 0

Орусия мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий шейх Равиль Гайнутдин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда орун алган чек ара коогасына байланыштуу эки өлкө элине кайрылуу жасады. Бул видеокайрылуу муфтияттын сайтына жарыяланды.

«Ыйык Рамазан айында жек көрүү, өч алуу сыяктуу терс сезимдерге алдырбашыбыз керек. 

Бир тууган эл болгон кыргыз-тажик мамилелеринин акыркы убактарда солгундашын көрүү өкүнүчтүү. 

Мекенге болгон эң таза сүйүү сезими да биздин гумандуулук сезимибизге, Аллахтын дининдеги бир туугандык сезимибизге көлөкө түшүрбөшү керек», — деди ал.

Муфтий эки өлкө элин кандай көйгөй болбосун курал менен эмес, сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM