Биз менен байланышыңыз

Чек арада жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөт

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 667 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жараат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ошондой эле Жапаров курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилерин, ал эми үйлөрү кыйрагандардын баарынын турак жайлары бекер калыбына келтирилерин белгиледи. Президент заманбап үйлөр 2 айда курулуп бутөрүн кошумчалады.

Мамлекет башчысынын айтымында, ишке тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз убагында тапшырмалар берилип жатат, алардын ишин координациялоону президент жеке өзү көзөмөлдөйт.

Жолугушуунун алкагында, өлкө башчы Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин, жабыркаган ишкерлерге да жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM