Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Арка, Достук жана Жаштык айылдарында коомдук тартип сакталууда

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 845 | 0

Баткен облусундагы Лейлек районунун айылдарындагы Арка, Достук жана Жаштык айылдарында чек ара жаңжалдарына байланыштуу абал оорлошуп кеткен эле.

Аталган айылдарга коомдук тартипти сактоо максатында, жарандардын коопсуздугун жана үй мүлкүн катарууга алуу максатында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Жаныбек Канзаманов менен бирге Жалал-Абад облусунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги Ашим Тагаев менен биргеликте жергиликтүү жарандар менен жолугушууда.

Ашим Тагаев мурда Баткен облустук милициясын бир топ жыл жетектеп элдин жашоо шартын жана географиялык абалын мыкты билип, элдин көйгөйлөрүнө туура түшүнгөн милиция жетекчилерини бири болгон.

Ошол себептүү Ашим Тагаев жана милициянын атайын курамы Лейлек районунун Арка, Достук жана Жаштык айылында жергиликтүү тургундарды сабырдуулукка чакырып, жарандардын коопсуздугун сактоо багытында иш алып барып, жергилктүү элдин коопсуздугун коргоого алышты.

Copyright © 2017 Maral FM