Биз менен байланышыңыз

Новиков, Өмүралиев Баткен эли менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 719 | 0

Бүгүн 30-апрелде Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Баткенде облустук администрациянын алдында эл менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Өмүралиев элди сабырдуулукка чакырып, кырдаал акырындык менен жөнгө салынып жатканын билдирген. Жолугушууга вице-премьер-министр Артем Новиков жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев да катышты.

Алар жарандарды тынчтыкка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жетекчилер элге жардам берүү, тамак-аш жеткирүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков башында турган жумушчу топ иш алпарууда.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Copyright © 2017 Maral FM