Биз менен байланышыңыз

Тургун: Тажик тарап Лейлек районуна ок атуусун баштады

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 938 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун чек арага чектеш жайгашкан Интернационал айлында тажик тараптан ок атылып, снаряддар ыргытылууда. Бул тууралуу аталган айылдын Акжол аттуу тургуну «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, бүгүн кечки саат 17.00дөр чамасында тажик тарап ок атууну баштаган. Учурда күчөп жатат. Кыргыз тарап ок чыгарган жок.

Кыргыз тараптагы жашоочулар учурда чек арадан алыс аймактарга качышууда. Аталган аймакка Кыргызстандын күч түзүмдөрү бара элек.

Copyright © 2017 Maral FM