Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды сабырдуулукка чакырды

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 489 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды сабырдуулукка жана араздашууну козутпоого чакырды. Жапаров чек арага байланыштуу кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал өз кайрылуусунда тажик эли менен дайыма тил табышууга боло турганын, ынтымакты сактоо менен гана бардык маселе чечилерин билдирген.

«Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам. Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз. Азыр жаңжал чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат.

Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам», — деп жазылат кайрылуусунда.

Copyright © 2017 Maral FM