Биз менен байланышыңыз

УКМК: Тажик чек арачылары кырдаалды турукташтыруудан качууда

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 687 | 0

28-апрелде чек арадагы чыр тажик тараптын чагымчылдыгынан чыкты жана тажик тарап кырдаалды курчутууну улантууда. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы — Кыргызстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын стратегиялык объектиси.

Тажикстан УКМКсынын чек ара жетекчилиги «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдын курулушу Кыргыз ССРи тарабынан жүргүзүлгөнү жөнүндө тарыхый фактыларды билбегени таң калыштуу. Тарыхый фактыларды атайылап бурмалап, тажик тараптын чек ара аскерлери калкты кандуу иш-аракеттерге түртүп, көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүнү каалабаганын көрсөтүп жатат.

Жабыркаган жарандар жана ар кандай жараат алган жарандар үчүн бардык жоопкерчилик Тажикстан УКМКсынын чек ара аскерлерине жүктөлөт. Алардын жетекчилиги чек арадагы кырдаалды турукташтыруу чараларын колдонуудан качууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин чек арада келип чыккан көйгөйлүү маселелерди эл аралык укуктун жана жетишилген эки тараптуу келишимдердин алкагында сүйлөшүү столунда чечүүгө чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM