Биз менен байланышыңыз

Баткенге дарыгерлер жөнөтүлүп, реанимациялык койкалар даярдалууда

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 274 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал орун алган жерде тез жардамдын 3 бригадасы нөөмөттө турат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага кошумча Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 4 медициналык тез жардам бригадасы дайындалды, алар зарылчылык жаралса ишке тартылат.

Мындан тышкары оорулуулар жана жабыркагандар үчүн Баткен облустук бириккен ооруканасында жана Исфана аймактык ооруканасында реанимациялык жана хирургиялык койкалар даярдалды.

Бишкек жана Ош шаарларында нейрохирургия, травматология, кан тамыр хирургу, көкүрөк хирургу, анестезиологдон турган медициналык адистердин 2 бригадасы дайындалды, алар абал курчуп кетсе, кесиптештерине жардам берүүгө жөнөп кетишет.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Түштөн кийин чек арадагы абал кайрадан күчөгөн.

Окуядан жалпы 8 жаран жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр-чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM