Биз менен байланышыңыз

Пульмонолог: Коронавирустун бүт органдарга зыяны бар экен

Кыска кабар , Мединфо | 29 Апр 2021 | 734 | 0

Пульмонолог Берик Эмилов «Маралга» берген маегинде коронавирустун өпкөгө тийгизген зыяндары тууралуу айтып берди.

Дарыгердин айтымында, ооруп айыккандан көрө, оорунун алдын алган жакшы. Анткени ооруп калгандан кийин ар бир оору организмге травма алып келет. Ошол эле коронавирустан келип чыккан пневмония өпкөгө так калтырышы мүмкүн. Ошол тактар кийин адамдын өнөкөт түрдө дем кыстыгуусуна, көкүрөктүн оорушуна алып келип жатат.

«Кээде бизге да түшүнүксүз башкача сезимге алып келип жатат. «Постковидный синдром» деп коет. Биз андай убакта реабилитация кыла турган ыкмаларды колдонуп, дем алуу көнүгүүлөрүн жасашыбыз керек. Андан тышкары, кошумча оорулары болсо, мисалы, кант диабети, кан басымы, жүрөк оорусу болсо, аларды дарылоону токтотпой, мурун барып жүргөн дарыгерине барып, дарыларынын дозаларын туура тактап, үзбөй алып турушу керек. Анализдерин көзөмөлдөп турушу керек. 

Коронавирустун бүт органдарга зыяны бар экен. Өзгөчө өпкөгө көп зыяны тийип жатат. Көп бейтаптар депрессияга учурап жатышат. Бул оорудан коркпош керек. Элге чыдамдуулукту, сабырдуулукту каалайбыз.Кадимки грипптей мамиле кылып, дарыгерлердин айтканын аткарса, баары жакшы болот», -дейт адис.

Ал коронавирус жуктуруп алуудан коркуп жүргөн жарандарга жашаган жериндеги  бейтапканага барып, эмдөөдөн өтүүнү сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM