Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 345 адамдан аныкталып, алты бейтап каза болду

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 407 | 0

Кыргызстанда 29-апрелге карата коронавирус дагы 345 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 224, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 9, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 265 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Ошол эле учурда сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 470 бейтап, амбулатордук түрдө 1 964 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1035 бейтаптын абалы орто оордукта, 346 адамдын абалы оор жана 72 бейтап өтө оор абалда жатат.

Мындан сырткары бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационарлардан 4, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 422 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 344 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 944 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 923 киши айыгып чыкса, 1 миң 598 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM