Биз менен байланышыңыз

Президент Бишкек шаарынын тургундарын куттуктады

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 423 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда кыргызстандыктар үчүн борбор калаа дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин булагы экенин айткан.

«Жаңы рынок шартында, шаар жаңы өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун оңой эмес шартта басып, өнүгүүдө. Бир миллиондон ашык калк жашаган Бишкек шаарында жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, жолдор оңдолуп, көрктөндүрүлүп, кооз, жашыл, ыңгайлуу шаарга айланып келе жатат», — деп айтылат куттуктоосунда.

Ошондой эле ал шаар тургундарына чың ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалап, Бишкектин мындан ары гүлдөп, өнүгө беришин тилеген.

Copyright © 2017 Maral FM