Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Түркияда 29-апрелден тарта катаал чектөөлөр кирет

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 773 | 0

Түркия Өкмөтү 29-апрелден 17-майга чейин өлкөсүндө бир катар чектөөлөрдү киргизет. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-апрель саат 19.00дөн баштап 17-май күнү саат 05.00гө чейин сыртка чыгууга толугу менен тыюу салынат.

Өндүрүш, тамак-аш жана саламаттыкты сактоо жаатындагы ишканалардан тышкары Ички иштер министрлигинин циркулярында көрсөтүлгөн бардык ишкана, мекемелер өз ишин токтотот. Азык-түлүк дүкөндөрү, соода борборлору саат 10.00дөн 17.00гө чейин гана иштейт.

Ал эми тамактануу жайлары алып кетүү же жеткирип берүү кызматын гана аткарат. Шаарларга болгон саякат милдеттүү түрдө тиешелүү мекемелерден уруксат алуу менен жүргүзүлөт. Шаарларга болгон коомдук транспорт каттамдары орундуктардын 50%ына гана жүргүнчү ташыйт.

Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери аралыктан иштөө же кезектешип иштөө режимине өтөт. Аралыктан иштеген мамлекеттик кызматкерлер үчүн да сыртка чыгууга тыюу салынат.

Бардык билим берүү мекемелеринде салттуу билим берүү токтотулуп, сынактардын мөөнөтү жылдырылат.

Айыл чарба тармагында иштегендерге эпидемияга каршы күрөшүү чараларына ылайык иштей тургандай шарт түзүлөт.

Өз муктаждыктарын канааттандыруу үчүн сыртка чыга албаган же катуу ооруп жаткан жарандар атайын социалдык колдоо топторуна кайрылып жардам ала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM