Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында Мамасадык Бакиров ант берип, депутаттык кызматка киришти. Ага Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде мандат тапшырган.
Маалым болгондой, Мамасадык Бакиров депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшырган Жаныбек Бакчиевдин ордуна келди.
Эске салсак, Мамасадык Бакиров парламентке «Бир Бол» фракциясынан келди.