Биз менен байланышыңыз

Парламенттин басма сөз катчысынан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 925 | 0

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ал бүгүн 18-июнда өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

-Урматтуу кесиптештер, ушул дем алыш күнү температура болгондугума байланыштуу үйдө олтуруп иштеп жаткамын. Эртең жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле доктурларым менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын байланышта болгон Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанттык иш тартибине өтүүдө. Буга байланыштуу эртеңки иш-чараларыбыз түз эфирде чагылдырылбайт. Кесиптештеримдин бардыгынын анализи таза чыкса, келерки аптадагы жыйындарды толук чагылдырабыз деген үмүттөбүз, — деп жазган Нуракун уулу.

Ошондой эле, ал аны менен чогуу аппараттын жана иш башкармалыктын бир катар кызматкерлери, айрым депутаттар да бүгүн кечке маал тест тапшырышканын кошумчалаган.

-Жыйынтыктары бир-эки күндө белгилүү болот. Сиздердин ишиңиздердеги ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз! Карантин учурунда бир дагы кесиптешим менен кол алышып учурашкан эмесмин, жумуш маалында ар дайым антисептик, беткап колдонуп келгемин. Тилекке каршы, аяган көзгө чөп түшөт дегендей, бул өзүм жана үй-бүлөм үчүн абдан өкүнүчтүү окуя болду, — деп кайрылган Нуракун уулу.

Copyright © 2017 Maral FM