Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматов камалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 31-майда ал суракка чакырылып, андан соң камакка алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча Исхак Пирматов мыйзамсыз баюуга шектелүүдө.
Эске салсак, өткөн жумада Исхак Пирматов өз каалоосу менен мандатын тапшырган болчу.